Назира Абдиева

Кыргызстанда бир айда 4077 кылмыш иши козголот - ИИМдин отчету

Кыргызстанда бир айда 4077 кылмыш иши козголот - ИИМдин отчету

Бүгүн, 4-ноябрда КРнын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин бүгүнкү өтүп жаткан коллегиясында 2022-жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча 36 миң 696 кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат айтылды. Бул ар бир айда эле өлкөдө 4077 кылмыш иши козголот дегенди билдирет.

Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет - жол-жобосу

Бизнес

Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет - жол-жобосу

Финансы Министрлиги “Чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо” деген долбоордун алкагында, ишкерлерге пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди. Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Микро-, кичи жана орто ишканаларга пайызсыз ыкчам колдоо” долбоорун каржылоо максатында 50 млн доллар өлчөмүндө келишимге кол коюлган. Финансы

Салык кызматы контрабандалык товарларды транспорт менен кошо конфискациялай тургандыгын эскертет

Салык кызматы контрабандалык товарларды транспорт менен кошо конфискациялай тургандыгын эскертет

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген

«Астыбыздагы эң кыйын реформа - Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» - Акылбек Жапаров

«Астыбыздагы эң кыйын реформа - Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында пенсия жаатындагы жүргүзүлчү реформалар тууралуу минкабдын пландарын айтты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Соцфонддун өзүнүн кирешеси 54.9 млрд сомду түзсө, Соцфондго тапкан кирешесинен 75% көлөмүндөгү каражат же кошумча 41.3 млрд

Тогуз айда консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү - жыл аягына чейин план 404 млрд сом

Экономика

Тогуз айда консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү - жыл аягына чейин план 404 млрд сом

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында быйылкы тогуз айын жыйынтыгы жана кийинки үч жылга карата республикалык бюджеттин күтүлгөн пландары тууралуу маалымат берүүдө. Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 503.4 млрд сомго пландалууда. “2021-жылы бир жылда 313

Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Өлкөдө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун колдонууну жайылтуу боюнча пикирлерди иликтеп, сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын

Доллардын базар баасы 83.5-84.5 сомго чейин көтөрүлдү

Доллардын базар баасы 83.5-84.5 сомго чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда доллардын рыноктук курсу август айынан бери биринчи жолу 83.5-85.5 сомго чейин көтөрүлдү (сатып алуу-сатуу). Бүгүн, жума, 4-ноябрда саат 09:30га карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түздү. Белгилей кетчү нерсе, бардык эле акча алмаштыруу жайларында накталай

«Эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет» - Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге комментарий берди

«Эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет» - Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге комментарий берди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 3-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта мамлекет башчысынын кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР ТИМдин маалыматында айтылат. Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норов КРга расмий иш сапары менен келди. “Жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого

Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюшту

Бийлик

Өзбекстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюшту

Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норов КРга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. ТИМдин берген маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар КР менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюшкан. “КРнын

Ишкерлерге 10 миң гибриддик ККМ акысыз таратылат - арыз берүү керек

Ишкерлерге 10 миң гибриддик ККМ акысыз таратылат - арыз берүү керек

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз берип баштаганын билдирди. ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда. Орнотулган POS-терминалы (төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу функциясы) жана кассалык чек принтери менен бул гибриддик ККМдер

Кыргызстанга быйыл Кытайдан 2.8 млрд доллардык товар келди

Кыргызстанга быйыл Кытайдан 2.8 млрд доллардык товар келди

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстанга Кытайдан келген товарлардын импорту 2 млрд 807 млн долларды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Кытайдан келген товардын салмагы 607.3 миң тоннаны түзүп, андан 35.7 млрд сом бажы төлөмдөрү түшкөн. Ошондой эле 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5