«Азаттыктын» эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген доомат негизсиз - DemirBank
DemirBank “Азаттыктын” эсептерин мыйзамсыз камакка алган деген дооматтардын баары таптакыр негизсиз. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы “Азаттык Медиа” мекемесинин бөгөт коюлган эсебине жооп катары билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин “Азаттык Медиа” мекемеси “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылган. Банк “Азаттыктын” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдирген.