Назира Абдиева

КРнын экономикасы учурдагы кырдаалдарга карабастан быйыл 3%, келерки жылы 3.5%га өсөт - АӨБ

Экономика

КРнын экономикасы учурдагы кырдаалдарга карабастан быйыл 3%, келерки жылы 3.5%га өсөт - АӨБ

Үстүбүздөгү жылдын жети айындагы туруктуу өсүүнүн жана өкмөттүн кризиске каршы планынын 2.5% деңгээлиндеги болжолдонгон шартында КРнын экономикасы ИДПга карата 2022-жылы 3%, 2023-жылы 3.5%га өсөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) билдиришти. АӨБдүн талдоочуларынын берген отчетуна ылайык, 2022-жылдын жети айында КРнын экономикасы 7.7%га өстү.

Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди — бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет?

Кызыктуулар

Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди — бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет?

Мамлекеттик Дума экинчи жана үчүнчү окууда Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алды, анда мобилизациядан качкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Андыктан Кыргызстандан барган эмгек мигранттары мындай өзгөрүүлөргө тыкыр көз салып турушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Депутат Россияда орус паспортун алган кыргызстандыктардын саны арбын экенин белгиледи. Ал эми Россиянын

Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтерин акысыз калыбына келтире тургандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын КТБнын жана калкты каттоо департаментинин аймактык Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топтор түзүлдү. Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө зарыл

Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди

Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди

Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан жана жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Мындан сырткары, Баткен облусунан келген жарандарды кабыл алуу үчүн Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин   жатаканаларына 1247 жаран жайгашкан.  Жалпы Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы бүгүн, 21-сентябрь саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп маалымдашты.  Маалыматка таянсак, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик

Биз тажик кошунабыз менен цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүүгө даярбыз — Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү

Кызыктуулар

Биз тажик кошунабыз менен цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүүгө даярбыз — Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Өлкө башчынын маалымат кызматы президенттин сүйлөгөн сөзүн келтирди. Анда президент 1996-жылы Кытай Эл Республикасы жана 1999-жылы Казакстан Республикасы менен үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон жерин, чек араны жөнгө салуу маселелерин ийгиликтүү бүткөнүн, Өзбекстан

Кыргызстандын биринчи бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду

Кыргызстандын биринчи бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы, Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд-Смит каза болду. Бул тууралуу Economist.kg редакциясына Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрү билдиришти. Робин Орд-Смит 20-сентябрда эртең менен дүйнө салган. Берилген маалыматка караганда, ал оорунун кесепетинен каза болгон. Робин Орд-Смит 2019-жылдын августунда Кыргызстандагы ишкер субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча

Кашкар - Ош - Анжиян - Галаба - Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти

Кашкар - Ош - Анжиян - Галаба - Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан транспорттук коридору менен Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” компаниясы билдирди. Маалыматка таянсак, Ош темир жол станциясында расмий түрдө 40 футтук 12 контейнерден турган поезд даярдалган. Товарларды кытай тарап Кашкар шаарында даярдап, Ошко чейин автоунаалар

Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат - Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы

Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат - Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы

Жергиликтүү басылманын Youtube каналында Баткендин Аксай элинин тургундарынын кайрылуусу чыкты. Анда аксайлыктар бийликтин кенебестигин, жыл сайын жаш балдар ал жерде шейит кетип жатканын айтып нааразы болушту. Аксайдын тургундары канча жылдан бери ата-бабанын жайы деп гана жашап келгенин, кийиминен башка эч нерселери деле калбаганын, тынч жашоосу үчүн чечкиндүү бийлик керек экенин

Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү - жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат

Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү - жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат

Учурда өлкө бюджетинен дээрлик 500 млн сом (497 млн 600 миң) бөлүндү. Бул сумма жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле зарыл эвакуацияланган жарандарды жана жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө республикалык бюджеттен

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткенде 700дөй объект талкаланды - дагы такталууда

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткенде 700дөй объект талкаланды - дагы такталууда

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда 700дөй объект талкаланган. Анын ичинен: * Турак жай имараттары – 364 * Чарбалык курулуштар – 168 * Социалдык объекттер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1) * Стратегиялык объекттер – 5 * Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо

Көк-Таш - Аксай - Тамдык автожолундагы жардырылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилди - жүргүнчүлөргө ачык

Көк-Таш - Аксай - Тамдык автожолундагы жардырылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилди - жүргүнчүлөргө ачык

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жардырылган Көк-Таш – Аксай – Тамдык автожолунун 7 чакырымындагы Дача-Чайхана участогундагы 36 метрлик көпүрө жүргүнчүлөргө ачылды. Бул тууралуу Медиа Штаб кабарлады. Бузулган көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 7 атайын техника тартылды. Бүгүнкү күнү жүк ташуучу унаалар жана жеңил автоунаалар өтө алышат. Эскерте кетсек, Ак-суу дарыясынан өтүүнү камсыздаган 36 метрлик