Транспорт
Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттай баштады
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү Кырчын жайлоосуна келген коноктор жана жергиликтүү тургундар үчүн үч багыт боюнча акысыз автобус каттамдары уюштурулду. Оюндардын медиаштабынын маалыматына ылайык, акысыз автобустар бүгүн саат 08:00дөн баштап каттай баштады. Каттамдардын аралыгы 15 мүнөттү түзөт. Үч багыт боюнча тең жол кире акысыз. №1 каттам: Жаркынбаев — Кырчын – Семеновка.