Улуттук банктын тышкы аудитордук уюму бекитилди

Улуттук банктын тышкы аудитордук уюму бекитилди

Жогорку Кеңештин жыйынында “2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Баяндамачы Алтынбек Мусажановдун айтымында, Улуттук банк жөнүндө мыйзамга ылайык, тышкы аудитор 3 жылдык мөөнөткө бекитилет. 2026-жылдын 21-апрелинде атайын конкурс өткөрүлүп, анда Улуттук банктын тышкы аудитору катары “Грант Торнтон” аудитордук уюму жеңүүчү деп табылган.

Жыйындын жүрүшүндө, депутаттардын суроолоруна Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Жылдыз Сулайманбекова жооп берип, “Грант Торнтон” ЖЧК топ-10 эл аралык деңгээлде таанымал компаниялардын катарын толуктай тургандаган билдирди. Айтымында, жергиликтүү аудитордук компаниялар тийиштүү критерийлерге жооп бербейт, ал эми аталган компания жер жүзү боюнча 100дөн ашуун өкүлчүлүгү бар жана жогорку кадыр-баркка ээ болуп саналат.  

Жыйынтыгында бул тууралуу токтом долбоору кабыл алынып, 2026-2028-жылдарга Кыргызстандын Улуттук банкынын тышкы аудитору болуп “Грант Торнтон” ЖЧК аудитордук уюму бекитилди. 


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт