Ош шаарында улуттук валюта - сомдун 33 жылдыгына арналган көргөзмө өттү

Ош шаарында улуттук валюта - сомдун 33 жылдыгына арналган көргөзмө өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 15-майында өткөн “Улуттук сом – улут сыймыгы” аттуу көргөзмөгө катышты. Иш-чара улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 33 жылдыгына арналган.

Көргөзмө Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси тарабынан уюштурулуп, анда улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана сомдун мамлекет үчүн мааниси тууралуу маалыматтар сунушталды.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, салтанаттуу ишчарага музей комплексинин өкүлдөрү, коммерциялык банктардын кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Ош технологиялык университетинин студенттери катышты.

Ошондой эле улуттук валютанын 33 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын өкүлдөрү М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети уюштурган эл аралык илимий конференцияга да катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттук валютанын тарыхый маанисин даңазалоо, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана жаштар арасында сомго болгон сый-урматты арттыруу экени белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media