Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн валюта рыногундагы бир катар оюнчуларга чара көрүлдү

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн валюта рыногундагы бир катар оюнчуларга чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна жана жеке жактарга карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 2 акча алмыштуруу бюросу жана Кант шаарындагы 1 акча алмаштыруучу жай мыйзам бузган. Ушуга байланыштуу алардын лицензиялары май айынын аягына чейин убактылуу токтотулду.

Мындан сырткары, КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаарындагы 3 алмашуу бюросуна айып пул тагылып, ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ал эми  Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок, Бишкек шаарында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн 1 кыргыз жаранына (Ж.Н.Р.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Алмашуу бюросу - бул КРнын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт болуп саналат. Акча алмашуу ишмердүүлүгү менен атайын лицензияга ээ болгон юридикалык жактар гана алектене алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media