BAKAI менен бирге UFC мелдешине сапар утуп алыңыз

BAKAI менен бирге UFC мелдешине сапар утуп алыңыз

BAKAI - Борбор Азиядагы UFC Eurasia уюмунун эксклюзивдүү өнөктөшү - Visa UFC карталарынын ээлери үчүн жаңы масштабдуу акциясын баштайт. Финалдык этаптын башкы байгеси - UFC беттешине эки кишилик сапар. Байгеге авиакаттам, мейманканада жайгашуу жана UFC Fight мелдешине билеттер кирет.

Бир нече ай аралыгында катышуучулар Visa UFC картасын жана BAKAI экосистемасынын сервистерин колдонуп, атайын "сокку" упайларын чогултушат. Топтолгон упайлар аларга баалуу байгелерди утуп, BAKAI UFC чемпиону болууга мүмкүнчүлүк берет.

Башкы байгеден тышкары катышуучуларды төмөнкү белектер күтөт:

• Garmin Fenix жана Garmin Instinct акылдуу сааттары
• Whoop фитнес-билериги
• фитнес-клубдарга абонементтер
• спорттук дүкөндөргө сертификаттар
• BAKAI UFC бренддик продукциясы

 Акция эки этап менен өтөт:

• 1-раунд — 2026-жылдын 18-майынан 31-июлуна чейин
• Финал — 2026-жылдын 18-майынан 31-октябрына чейин

Канчалык көп активдүүлүк болсо - BAKAI UFC чемпиону болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Упайлар төмөнкү аракеттер үчүн берилет:

• Visa UFC картасы менен POS-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү
• онлайн-сатып алуулар
• BAKAI Travel аркылуу сатып алуулар
• BAKAI Store аркылуу буйрутмалар
• коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр
• Tiki Tiki сервиси аркылуу билет сатып алуу
• картаны ай ичинде активдүү колдонуу  

BAKAI үчүн мындай долбоорлор өзүнүн спорттук экосистемасынын бир бөлүгүнө айланган. Буга чейин банк Катарда өткөн UFC Fight Night Doha 2025 турниринин беттешине жолдомо ойнотуп, ири акция өткөргөн. Анда банктын ар түрдүү категориядагы төрт кардары жеңүүчү деп табылган - BAKAI тиркемесинин активдүү колдонуучулары, BAKAI Business бизнес-кардарлары, BAKAI Камсыздандыруу кардарлары жана Instagram сынагынын катышуучулары.

Жеңүүчүлөр эки кишилик толук турпакетке ээ болушкан. Ошондой эле турнирге жеңүүчүлөр менен бирге BAKAIдын амбассадорлору Айана Советова менен Темирлан Оморов да барышкан.

BAKAI белгилегендей, жаңы акция финансыны, технологияларды, спортту жана заманбап санариптик сервистерди бириктирген lifestyle-экосистеманы өнүктүрүү боюнча банктын стратегиясынын уландысы болду.

Акция 2026-жылдын 18-майында башталып, 2026-жылдын 31-октябрына чейин уланат. Катышуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт - бул үчүн Visa UFC картасынын ээси болуп, BAKAI мобилдик тиркемесин колдонуп жана акциянын шарттарын аткаруу жетиштүү. Толук маалымат - bakai.kg сайтында.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media