Кыргызстанда алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жогорулайт

Кыргызстанда алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жогорулайт

Кыргызстандагы нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби катаалдашууда.  Улуттук банктын башкармалыгы жаңы түзүлгөн алмашуу бюролору, кошумча алмашуу бюролору жана сезондук негизде ишкердигин жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн жаңы минималдуу жүгүртүү каражаттарынын талаптарын белгиледи. 

КРнын Улуттук банкынын  ченемдик укуктук актыларына алмашуу бюролорун жана микрофинансылык уюмдарды лицензиялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому 13-майда кабыл алынган. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Ага ылайык, алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй белгиленди:

·       Бишкек, Ош шаарларынан тышкары алмашуу бюролору - 3 млн сом;

·       Бишкек жана Ош шаарларындагы алмашуу бюролору - 5 млн сом;

·       Жайгашкан жерине карабастан, сезондук алмашуу бюролору - 1 млн сом.

Азыркы тапта иштеп жаткан алмашуу бюролору үчүн Улуттук банк талаптарды акырындык менен жогорулатып жатат. Мисалы, Бишкек, Ош шаарларынан тышкары алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленди:

·       2026-жылдын 1-октябрына чейин кеминде - 1 млн сом;

·       2028-жылдын 1-октябрына чейин кеминде - 2 млн сом;

·       2030-жылдын 1-октябрына чейин кеминде - 3 млн сом.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттары төмөнкү көрсөткүчтө болушу шартталат:

·       2026-жылдын 1-октябрына чейин кеминде - 2 млн сом;

·       2028-жылдын 1-октябрына чейин кеминде - 3 млн сом;

·       2030-жылдын 1-октябрына чейин кеминде - 5 млн сом.

Мындан сырткары, жайгашкан жерине карабастан, сезондук негизде ишкердигин жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн 2026-жылдын 1-октябрына чейин – 1 млн сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүүгө милдеттүү.

Улуттук банктын алмашуу бюролорунун  19-майга карата абалы боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда 892 алмашуу бюросу иштеп жатат.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media