Улуттук банктын төрагасы өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банктын төрагасы өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен ачык диалог өткөрдү.  Улуттук банктын валюта рыногунун чыныгы үнүн угуу аракети жолугушуунун негизги максаты болду.

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлап, аталган  ишчарага чакырылгандар банктык кызматтарды өнүктүрүү боюнча актуалдуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү боюнча сунуштарды түздөн-түз талкуулоо үчүн келгендигин маалымдады.

Билдирүүгө караганда, бир нече саатка созулган жолугушууда, жыйындын катышуучулары банк тармагындагы актуалдуу маселелерди, анын ичинде Улуттук банктын талаптарын, кызматтарды санариптештирүүнү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону, жаңы технологиялык чечимдерди киргизүүнү жана Улуттук банк менен рыноктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. 

Диалог жөнгө салуучу менен банктык коомчулуктун ортосундагы мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн негизин түздү. Тараптар республиканын финансылык системасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга даяр экендиктерин ырасташты.

0:00
/0:21

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media