Улуттук банк үч алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту

Улуттук банк үч алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берилгенине байланыштуу бир катар алмашуу бюролорунун лицензияларын убактылуу токтотулганын билдирди.

Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 21-майынан 23-майына чейин Бишкек шаарындагы “Нурсан Про”,  “Адекс Кэш” жана “Арча Моней” аттуу акча алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду.

Улуттук банк лицензиялар мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында убактылуу токтотулганын белгиледи.

Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 19-майына карата абалы боюнча реестрине ылайык, Кыргызстанда азыр жалпы 892 алмашуу бюросу ишмердүүлүк жүргүзүп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү