Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 25-майында эсептик ченди 12,00% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын башынан бери тышкы экономикалык чөйрө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу татаалдашып жатат. Анын натыйжасында дүйнөлүк энергопродукциялар жана азык-түлүк рынокторунда жогорку өзгөрүлмөлүү болуп тышкы инфляциялык басым күчөгөн.

“2026-жылдын башынан бери КРдагы инфляция 15-майга карата 4,7% түздү. Инфляциянын түзүмүндө эң чоң салым азык-түлүк товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшү менен камсыздалат. КРгы учурдагы инфляциянын факторлору тышкы драйверлердин жана ички шарттардын таасиринин сакталышынын алкагында монетардык эмес мүнөзгө ээ болууда” - деп билдирди Козубеков.

Улуттук банктын өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын январь–апрель айларында реалдуу ИДӨ 12,4% өскөн. Бул көрсөткүч кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана курулуш тармактарындагы активдүүлүк, ошондой эле инвестициялардын көбөйүшү менен камсыздалган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, инфляциянын келечеги тышкы факторлорго көз каранды бойдон калууда. Геосаясий чыңалуулар, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өзгөрүшү жана товар жеткирүү чынжырларындагы тобокелдиктер негизги коркунуч катары бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI жана Элкарт+ менен тик учакта учуу мүмкүнчүлүгүн утуп алыңыз!

BAKAI жана Элкарт+ менен тик учакта учуу мүмкүнчүлүгүн утуп алыңыз!

BAKAI сизди "BAKAI Элкарт+ менен ар дайым утуш" акциясына катышууга чакырат жана Ала-Арчанын кооз жаратылышын тик учак менен асмандан көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Акцияга катышуу үчүн күнүмдүк сатып алууларыңызга Элкарт+ картасы менен 500 сомдон жогору суммада төлөсөңүз жетиштүү. Ар бир сатып алууңуз сизди Ала-Арчанын кооз көрүнүштөрүн тик

Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин бири болгон №33 С. Алыкулов атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулат. Ал 312 окуучугаылайыкталып, жалпы аянты 3 840 чарчы метрди түзөт. Имаратта окуучулардын

Бишкекте курулуштагы мыйзам бузуу үчүн 200 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуштагы мыйзам бузуу үчүн 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарынын Жусуп Мамай көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан 20 кабаттуу турак жай комплексинин курулушунда текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө казылган жердин (котловандын) капталдарын бекемдөөчү тирөөч конструкцияларды орнотууда коопсуздук талаптары толук сакталбаганы аныкталган. Ошондой эле

Гүлдөн той жасалгасына чейин: бир эмгеги 90 миң сом киреше алып келген декоратор айым

Гүлдөн той жасалгасына чейин: бир эмгеги 90 миң сом киреше алып келген декоратор айым

Даярын сатып алуунун ордуна жаңы жасалгаларды ойлоп таап, башкалардан айырмаланган эмгектери менен декор тармагына өзгөчө өңүт алып келген баткендик айым бүгүн бул өнөрүн туруктуу бизнеске айландырган. Алсак, той мезгилинде бир буйрутмадан 80-90 миң сом таза киреше табат. Гүл жасоодон баштап, чоң тойлорду жасалгалоого чейин өздөштүргөн Сүйдүмкан Талантбек кызы бизге