Кыргызстанда эл аралык төлөмдөр QR аркылуу жеткиликтүү боло баштады

Кыргызстанда эл аралык төлөмдөр QR аркылуу жеткиликтүү боло баштады

"Элкарт Мобайл" тиркемесин колдонуучулар үчүн эми эл аралык QR-төлөмдөрдү жүргүзүү жеткиликтүү болуп калды.  “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (БАПБ) КРУБ жана Alipay+менен биргеликте «Элкарт Мобайл» колдонуучулары үчүн эл аралык төлөмдөрдү QR аркылуу жүргүзүүнү ишке киргизди.

Азырынча бул сервис Казакстан жана Малайзия өлкөлөрүндө гана жеткиликтүү болгону менен бир айдан кийин дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө дагы жеткиликтүү болушу күтүлүп жатат. Эми колдонуучулар чет өлкөдө да көнүп калгандай эле QR-код аркылуу түз эле "Элкарт Мобайл" тиркемеси менен төлөм жүргүзө алышат.

Адистердин айтымында бул сервистин жардамы менен мындан кийин акча алмаштыруучу жайларды издөөнүн, накталай акча көтөрүп жүрүүнүн, чет элдик электрондук капчык ачуунун жана кошумча тиркемелерди жүктөөнүн кереги жок болот.

2026-жылдын 16-июнунан тартып бул кызмат Кытайда да иштей баштайт. Ал эми июнь айынын аягына чейин Alipay+ тармагы аркылуу кызмат 60тан ашык өлкөгө жайылтыла тургандыгын БАПБнан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүдө Кыргызстандын жарандары үчүн комиссия алынбайт, конвертация тиркемедеги курс менен жүргүзүлөт жана төлөм түздөн-түз «Элкарт Мобайл» аркылуу ишке ашырылат.

 БАПБ ЖАКнун Башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбековдун айтымында бул жаңычылык - Кыргызстандын санариптик экосистемасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этап жана улуттук төлөм системасынын эл аралык деңгээлге чыгышы болуп саналат.

“Биз бул долбоордун үстүндө 2025-жылдын сентябрынан тарта иштеп баштаганбыз жана кыска убакыттын ичинде эл аралык интеграцияны ишке ашыра алдык”- деп белгиледи, Алтымыш Туратбеков.

Эми Кыргызстандыктар үчүн көнүмүш болуп калган ELQR чет өлкөдө да иштөөсүнө шарт түзүлдү.

ELQR – өз ара иш алып баруу оператору. Белгилүү бир банкка, капчыкка же төлөм системасына байланбастан QR код колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү мейкиндик болуп саналат

Мындан тышкары окуңуз

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media