Анвар Абдраев: Кыргызстандын банктары дүйнөлүк банктардан артта калган жок

Анвар Абдраев: Кыргызстандын банктары дүйнөлүк банктардан артта калган жок

Кыргызстандын банк сектору санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээли боюнча дүйнөдөгү алдыңкы банктардан кем калбайт. Бул тууралуу Кыргызстан банктар бирикмесинин" президенти Анвар Абдраев BIFF2026 Эл аралык финансы форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө банк кызматтары толугу менен санарип форматка өтүп, жарандар мобилдик тиркемелер аркылуу бардык негизги операцияларды жүргүзүп жатышат.

“Кыргызстандын банк сектору дүйнөлүк банктардан эч нерсеси менен артта калган жок. Биз санариптик форматка өтүп жатабыз. Бардык каражаттарыбызды ушул уюлдук телефондо сактайбыз. Жада калса төлөм карталарын да колдонбой калдык. Технология эң сонун, баары абдан жакшы өнүгүп жатат. Менимче, биздин банк тармагыбыз дүйнөлүк банктар менен бирдей деңгээлде келе жатат, башка региондорду айтпай эле коелу”, — деди Абдраев.

Абдраевдин айтымында, BIFF2026 форуму быйыл 12-жолу өткөрулуп жатат. ушул жылдар аралыгында аталган ишчара мазмуну менен гана эмес, географиялык жактан да өзгөрдү. Ага ылайык, ишчарага дүйнө жүзүнүн бардык булуң бурчунан эксперттер келип катышып, актуалдуу маселелердин алкагында ойлору жана тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат.  

“Бүгүнкү күндө талкууланып жаткан негизги темалар бул - жаңы санариптик технологиялар жана киберкоопсуздук болуп саналат. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Америка, Түркия, Кытай жана башка жерлерде болсун, бул көйгөй баарыбызда бирдей бар. Биздин форумдун негизги максаты - санариптик технологияларды ишке ашыруунун оптималдуу жолдорун жана аларды коргоонун варианттарын табуу болуп саналат”, - деп билдирди "Кыргызстан банктар бирикмесинин" башчысы.

Билдирүүгө караганда, жыл сайын BIFF Эл аралык финансы форум ар башка темада өткөрүлүп турат.  Буга чейин кредиттөө, лизинг, ислам принциптеринде каржылоо сыяктуу маселелер талкууланса, бүгүнкү күндө негизги тема - жаңы санариптик технологиялар жана киберкоопсуздук болуп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media