КРнын банк сектору жыл башынан бери 6 974,3 млн сом таза киреше алган

КРнын банк сектору жыл башынан бери 6 974,3 млн сом таза киреше алган

2026-жылдын 31-мартына карата абал боюнча Кыргызстанда 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган. Алардын алтоосу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Улуттук банктын банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу расмий маалыматына ылайык, жыл башынан бери банк сектору 6,9 млрд сом таза киреше тапкан.

Бул көрсөткүч былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу жогору болгондугу белгиленүүдө. Билдирүүгө караганда, банк секторунун жалпы активдери 23 % өсүп, 1 489,4 млрд сомго жеткен.

Ал эми кредиттик портфелдин көлөмү 540,1 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 6,5 % көбөйгөн.

Тармактар боюнча берилген кредиттер

өнөр жайына - 17,1 млрд сом (26,9 % өсүү);
айыл чарбасына - 55,2 млрд сом (1,4 % өсүү);
соода чөйрөсүнө 124,7 млрд сом (7,6 % өсүү);
курулушка 18,7 млрд сом (1,0 % өсүү);
ипотекага 54,3 млрд сом (16,4 % азаюу);
керектөө үчүн 198,6 млрд сом (16,6% өсүү);
ж.б боюнча 71,6 млрд сом түзгөн (3,1 % өсүү).

Эң көп кредит соода тармагына жана керектөө муктаждыктарына берилген.

Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү да өсүп, 21,6 млрд сомго жеткен. Бул өткөн жылдын аягына салыштырмалуу 12,3% көп.

Ал эми банк секторунун депозиттик базасы 916,5 млрд сомду түзүп, негизинен юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын депозиттеринин өсүшүн камсыздаган.  

Банк секторунун кардарларынын депозиттик базасы

юридикалык жактардын депозиттери 444,8 млрд сом (7,5% өсүү);
жеке адамдардын депозиттери 272,9 млрд сом (2,0% азаюу);
бийлик органдарынын депозиттери 89,3 млрд сом (35,0% өсүү);
резидент эместердин депозиттери 102,1 млрд сом (3,8% өсүү);
ж.б ФКУнын депозиттери 7,4 млрд сом (21,4% азаюу).

Мындан тышкары, банк секторунда долларлашуу деңгээли төмөндөп жатканы байкалган. Кредиттердин долларлашуусу 18%, депозиттердики 31,3% түзгөн.

Ошондой эле Улуттук банк банк системасынын капитал жетиштүүлүгү жана ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрү белгиленген нормативдерден кыйла жогору деңгээлде сакталып жаткандыгын билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media