Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча кеңешме өттү

Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча кеңешме өттү

28-майда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү маселелери боюнча үчүнчү консультативдик кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңешмеге Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов жана Кытай Эл Республикасынын финансы министринин орун басары Ляо Минь теңтөрагалык кылышты.

Иш-чарага 26 өлкөнүн делегациялары офлайн жана онлайн форматта, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда катышуучулар ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин талкуулап, бул багыттагы кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле банкты түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматты ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын жетекчилеринин алдыдагы жыйынында сунуштоо боюнча макулдашышты.

ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү чечими 2025-жылдын 1-сентябрында Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында кабыл алынган.

Кабыл алынган декларацияда ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, кызыкдар мүчө мамлекеттер банкты түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу консультацияларды активдештирүү жөнүндө чечим кабыл алышканы көрсөтүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт