Улуттук банк бир учурда 13 алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алды

Улуттук банк бир учурда 13 алмашуу бюросунун лицензиясын кайтарып алды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууга жол берген бир катар алмашуу бюролорунун лицензияларын кайтарып алды.

КРУБ басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 28-майынан тартып Бишкек шаарында иш алып барган 13 алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиялар жокко чыгарылган.

 Лицензиялары кайтарылып алынган алмашуу бюролорунун көпчүлүгү Бишкектеги ири соода жайларында жана борбордук көчөлөрдө жайгашкан. Алардын арасында «Дордой» соода комплекси, «Аламедин Гранд» соода борбору жана борбор калаанын башка соода аймактарында иш жүргүзгөндөр бар.

Лицензиясы кайтарылып алынган алмашуу бюролору:

Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 2-үй, 32-кв. дареги боюнча жайгашкан «Тянь-Шань Групп» күрөөкана алмашуу бюросу КЖКнын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 6375 лицензиясы;
Бишкек шаары, Москва көчөсү, 69-үй, 16-кв., 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Аманат Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 18-мартындагы № 6744 лицензиясы;
Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 91, Жаңы БУД соода борбору, -1-кабат,  L15-бутиги дареги боюнча жайгашкан «Асман кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын  2024-жылдын 3-декабрындагы № 7000 лицензиясы;
Бишкек шаары, «Дордой» соода-оюн зоок комплекси, Чымкент унаа токтотуу жайы, 38 Г соода оруну дареги боюнча жайгашкан «Байбол Инвест» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 19-октябрындагы № 6609 лицензиясы;
Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 67/1-үй, 7-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Брент плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 11-августундагы № 6564 лицензиясы;
Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 4-үй, 1-кв. дареги боюнча жайгашкан «Валюта 888» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 18-августундагы № 6568 лицензиясы;
Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 105/1 дареги боюнча жайгашкан «Валюта Плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 6659 лицензиясы;
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 150/1, «Аламедин Гранд» соода борбору, 1-кабат, № 46-бутиги дареги боюнча жайгашкан «Моби Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2025-жылдын 18-февралындагы № 7039 лицензиясы;
Бишкек шаары, Москва көчөсү, 64/2 дареги боюнча жайгашкан «Нур+1» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 11-июнундагы № 6841 лицензиясы;
Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 49-үй, 7-батир дареги боюнча жайгашкан «Регион-У» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 7052 лицензиясы;
Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 2-үй, 1-кв. дареги боюнча жайгашкан «Сейф кей джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 27-июнундагы № 6852 лицензиясы;
Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 393 А дареги боюнча жайгашкан «Алмаштыруу бюросу «ТезЭкс» ЖЧКнын 2023-жылдын 29-мартындагы №6500 лицензиясы;
Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 284 дареги боюнча жайгашкан «Эмир Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 19-августундагы № 6343 лицензиясы.

Улуттук банк валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн уюмдар мыйзам талаптарын жана белгиленген эрежелерди так сактоого милдеттүү экенин эскертет.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 28-майына карата абал боюнча реестринде 880 акча алмаштыруу бюросу ишмердүүлүк жүргүзүүдө 

Мындан тышкары окуңуз

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media
Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media