"Ата-Дөөлөт" кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды

"Ата-Дөөлөт" кредиттик союзунун лицензиясы жокко чыгарылды

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Ата-Дөөлөт”Кредиттик союзу” Финансы кооперативинин лицензиясы 2026-жылдын 25-майынан тартып жокко чыгарылды.

Билдирүүгө караганда, мындай чечим кредиттик союздун катышуучуларынын 2026-жылдын 18-майында өткөн кезексиз жалпы жыйынында уюмду өз ыктыяры менен жоюу тууралуу чечим чыгаргандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Натыйжада 2005-жылдын 31-мартында берилген №153 лицензия күчүн жоготту. “Ата-Дөөлөт” Кредиттик союзу” Финансы кооперативинин юридикалык дареги Ош шаары, А. Шакиров көчөсү, 36/1а дарегинде жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарынын 2026-жылдын 28-майына карата абал боюнча Улуттук банктын реестринде аталган кредиттик союздан сырткары 68 кредиттик союз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык көрсөтүү жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максаттарында кооператив формасында түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт