“Банкроттук жөнүндө” мыйзам долбооруна сунуштар кабыл алынат

“Банкроттук жөнүндө” мыйзам долбооруна сунуштар кабыл алынат

Министрлик тарабынан банкроттук чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды реформалоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, реформанын актуалдуулугу карызкор менен кредитордун ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салууда заманбап ыкмаларды киргизүү, администраторлордун ишмердүүлүгүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана аларды лицензиялоо тутумун реформалоо аркылуу банкроттук жол-жоболорун өркүндөтүү зарылдыгы менен шартталат.

2026-жылдын 29-майында Дүйнөлүк банк тобунун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин колдоосу менен “Банкроттук жөнүндө” мыйзамы долбоорун жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жана кызыкдар тараптардын биринчи жыйыны болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык финансы корпорациясынын эл аралык эксперттери банкроттук жөнүндө мыйзамдарды реформалоо боюнча сунуштарын сунушташты. Жолугушуунун катышуучулары бул чөйрөдөгү мыкты эл аралык тажрыйбаларды кеңири талкуулап, аларды Кыргызстандын шарттарында натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Мындан тышкары, министрлик аталган чөйрөдөгү укуктук жөнгө салууну реформалоо маселелерин талкуулоо улантылып жаткандыгын жана кызыкдар тараптардан сунуштарды чогултуу жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет. 

Сунуштар 2026-жылдын 5-июнуна чейин төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: 

электрондук почта — bakyt_b@list.ru, 

почта дареги — 720040, 

Бишкек ш., Абдумомунов көч., 207.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media