Кыргызстандын финансы секторунун кирешеси эки эседен ашты

Кыргызстандын финансы секторунун кирешеси эки эседен ашты

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын финансы секторунда 483 уюм иш жүргүздү. Алардын катарында Улуттук банк, 24 коммерциялык банк, 439 банк эмес финансы-кредиттик уюм жана 19 камсыздандыруу уюму бар. Кыргызстандын финансы секторунда жалпысынан 32 миңге жакын адам эмгектенет.

Аталган тармактын кардарлар базасы да кыйла кеңейгендиги маалым болду. 2026-жылдын март айынын аягына карата кардарлардын эсептеринин жалпы саны 23 млн ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 6 млнго көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кардарлар базасынын өсүшү негизинен банк секторунун эсебинен камсыздалган. Тактап айтканда, коммерциялык банктардын кардарларынын эсептери бир жыл ичинде 5,7 млнго көбөйгөн.

Мындай көрсөткүчтөр өлкөдө финансылык кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талаптын өсүп жатканын жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейип жатканын айгинелейт.

I кварталдагы финансы секторунун уюмдарынын кардарларынын саны

(миң)

2026-жылдын I кварталында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 81 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,7 эсеге көбөйдү, бул негизинен банк сектору менен камсыздалды.

I кварталындагы экономиканын финансы секторунун ишмердигинин көрсөткүчтөрү:

Тармактар

Киреше 2025

Киреше 2026

Чыгым 2025

Чыгым 2026

Сальдо 2025

Сальдо 2025

Бардыгы

46 840,9

81 143,3

30 879,4

45 699,7

15 962,1

35 413,7

Банктар

40 337,0

72 081,8

25 708,3

38 660,7

14 632,2

33 391,4

Күрөөканалар

356,8

483,8

166,4

261,1

189,5

222,7

Кредиттик бирикмелер

51,6

49,6

39,6

39,3

12,0

10,2

Микрокредиттик уюмдар

3 987,7

5 617,7

2 969,7

3 911,2

1 016,0

1 706,3

Камсыздандыруучу уюмдар

2 097,0

2 899,7

1 987,8

2 819,2

109,2

80,5

Башка уюмдар

10,8

10,8

7,6

8,2

3,2

2,6

2026-жылдын январь-март айларында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 60%ын түздү, ал эми уюмдардын 18%ы чыгым тартты.

2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 35 млрд. сомдон ашык сальдолоштурулган пайда алынды, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эседен ашык көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын үч айында пайданын эң чоң өсүшү Улуттук банкта катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media