“Элдик банк” Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга насыя берет

“Элдик банк” Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга насыя берет

Президент Садыр Жапаров 2-июнда, Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Бүгүн өлкөбүздүн бүтүндөй банк системасы үчүн маанилүү күн болуп турат. Бир саамдан соң биз эки маанилүү окуяны — Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге “Элдик банктын” жаңы имаратын ачканы турабыз", - деди Мамлекет башчысы.
"Бул бири-бирине төп келген эки окуя ары символикалуу, ары тарыхый мааниге ээ. Бүгүнкү күндө бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик банк” болуп саналат”, - деп билдирди С.Жапаров.

“Элдик банк” улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү.

“Урматтуу мекендештер, “Элдик банк” Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын өзгөчө белгилегим келет. Жогорудагы видеотасмада көргөнүңүздөрдөй, ушул жылы “Элдик банк” Лондон фондулук биржасында 500 миллион доллар өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырды”, - деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media