КРУБ: чет өлкөдөгү комбанктардын филиалдарынан берилген кредиттерге талаптар өзгөрдү

КРУБ: чет өлкөдөгү комбанктардын филиалдарынан берилген кредиттерге талаптар өзгөрдү

Улуттук банк Башкармасы 29-майда коммерциялык банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн жөнгө салган бир катар ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди. Чечим банктык көзөмөлдү күчөтүүгө жана кыргыз банктарынын чет мамлекеттердеги филиалдарынын ишин жөнгө салууну тактоого багытталган.

Негизги өзгөрүүлөрдүн бири – чет өлкөлөрдөгү филиалдар тарабынан берилген кредиттерди классификациялоо тартибине байланыштуу. Буга чейин чек ара аркылуу берилген кредиттер негизинен тобокелдиги жогору активдер катары бааланып келсе, эми белгилүү шарттар аткарылган учурда аларды “канааттандырарлык актив” катары эсептөөгө уруксат берилет.

Мындай шарттарга кредит берилген өлкөнүн жогорку эл аралык кредиттик рейтинги, кредиттин ошол өлкөнүн аймагында берилип жана тейлениши, ошондой эле карыз алуучунун кирешеси кредит алынган валютада болушу кирет.

Ошондой эле капиталдын жетиштүүлүгүн эсептөө боюнча талаптар да жаңыланды. Чет өлкөлөрдөгү филиалдардын ишин камсыздоо үчүн алынган айрым программалык камсыздоолор жана санариптик чечимдер белгилүү шарттарда капиталдан толук алып салынбайт. Бул банктардын чет өлкөлөрдө иштөөсүнө байланышкан технологиялык чыгымдарды эске алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жогорку рейтингге ээ өлкөлөрдө иштеген компанияларга берилген кредиттер үчүн тобокелдик деңгээлин аныктоонун жаңы тартиби киргизилди. Бирок мындай кредиттер боюнча төлөмдөр 30 күндөн ашык кечиктирилсе же реструктуризацияланса, алар жогорку тобокелдик категориясына өткөрүлөт.

Улуттук банк бул өзгөртүүлөр чет өлкөлөрдөгү филиалдардын ишин өнүктүрүүгө, ошол эле учурда банк секторундагы тобокелдиктерди көзөмөлдөөнү сактоого багытталганын белгилейт.

Токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media