Улуттук банк ЖМК өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар өткөрдү

Улуттук банк ЖМК өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар өткөрдү

Өлкөнүн финансылык, экономикалык жана банктык өнүгүү жаатындагы өзгөрүүлөрү, келечек пландары жана көйгөйлөрү тууралуу окутуучу ишчара, кече Улуттук банкта өткөрүлдү. Башкы банктык жөнгө салуучу өлкөдөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурду.

Иш-чара журналисттерге Улуттук банктын негизги иш багыттары, ролу жана функциялары тууралуу маалымдоо максатында уюштурулган.

Окутуучу семинарды Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков ачып, ЖМК менен кызматташуу жөнгө салуучунун ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экендигин белгиледи.

Анын айтымында, маалымат каражаттары менен ачык жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү коомдук ишенимди бекемдөөгө жана Улуттук банктын чечимдерин коомчулукка түшүнүктүү жеткирүүгө өбөлгө түзөт.

Семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери валюта рыногунун иштөө принциптери, акча-кредит саясаты, банк системасынын туруктуулугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ишчаралар тууралуу айтып беришти. Журналисттердин көңүлүн айрыкча финансылык кызматтарды санариптештирүү, жарандарды алдамчылык аракеттерден коргоо чаралары кызыктырды.

Мындан сырткары ишчаранын алкагында, Улуттук банктын нумизматикалык музейине саякат жасалып, андан журналисттер улуттук валютанын жаралуу этаптары, нумизматикалык коллекциялардын түрлөрү менен таанышышты.

Улуттук банк мындай жолугушуулар аркылуу медиа өкүлдөрүнүн финансылык сектор боюнча билим деңгээли жогорулап, коомчулукка так, ишенимдүү маалымат жеткирүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишеним артууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media