Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктар кеңешинин жыйыны болду

Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктар кеңешинин жыйыны болду

4-5-июнь күндөрү КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Борбордук банктар кеңешинин жыйынына катышты.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө А.Бакетаев акча-кредит саясаты жана глобалдык тобокелдиктер сакталып турган шарттарда финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча баяндама жасады. Ошондой эле, санариптик каржылык экосистемаларды өнүктүрүү боюнча ыкмаларды сунуштады.

Мындан тышкары, жыйындын алкагында Азербайжан Республикасынын премьер-министри Асадов Али Идаят оглы ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын башчылары менен жолугушту. Жолугушууда уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар кандай багыттар боюнча кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Анын жыйынтыгында катышуучулар коммюникеге кол коюшту. Документте ТМУнун борбордук банктарынын акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук жана төлөм системалары чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даярдыгы чагылдырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media