Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча операцияларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштоодо

Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча операцияларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштоодо

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коомдук талкууга коммерциялык банктардын ички көзөмөл системасына байланыштуу өзгөртүүлөрдүн долбоорун чыгарды.

Документтин негизги максаты — виртуалдык активдер (криптовалюталар жана башка санариптик активдер) менен жүргүзүлгөн операцияларда акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы талаптарды күчөтүү болуп саналат.

Долбоорго ылайык, банктар виртуалдык активдер менен байланышкан кардарлар жана операциялар боюнча тобокелдиктерди кеңири баалап, көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү болот. Атап айтканда, кардардын жана анын контрагенттеринин маалыматын текшерүү, активдердин келип чыгышын аныктоо, операциялардын мыйзамдуулугун талдоо талаптары күчөтүлөт.

Мындан тышкары, банктарга виртуалдык активдер боюнча операцияларды көзөмөлдөө үчүн блокчейн-аналитика инструменттерин колдонууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Ошондой эле санкциялык тизмелерге байланыштуу капчыктарды, даректерди жана транзакцияларды аныктоого өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоордо жогорку тобокелдик жараткан белгилер да көрсөтүлгөн. Алардын катарына жөнгө салынбаган виртуалдык актив кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн катышуусу, ээси белгисиз капчыктарды колдонуу, транзакциялардын изин жашырууга багытталган сервистерди пайдалануу жана кардардын ишмердүүлүгүнө дал келбеген операциялар кирет.

Улуттук банк ошондой эле маалымат жетишсиз болгон же активдердин келип чыгышын аныктоо мүмкүн болбогон учурларда банктарга мындай операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу укугун берүүнү сунуштоодо.

Маалыматта белгиленгендей, өзгөртүүлөр виртуалдык активдер рыногунун өнүгүшүнө, санариптик финансылык технологиялардын кеңири жайылышына байланыштуу иштелип чыккан. Документте эл аралык стандарттар, анын ичинде акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча Financial Action Task Force (FATF) уюмунун сунуштары эске алынганы белгиленет.

Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жана коомдук талкуулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media