Улуттук банк валюта рыногуна кезектеги интервенция менен чыкты

Улуттук банк валюта рыногуна кезектеги интервенция менен чыкты

КРнын Улуттук банкы 8-июнда кезектеги валюталык интервенциясын жүргүзүп, валюта рыногунда 170,2 млн $ сатты. Бул 2026-жылдын башынан берки жетинчи интервенция болуп саналат. Анын жыйынтыгында Улуттук банктын жыл башынан бери саткан валютасынын жалпы көлөмү 1 млрд 63,65 млн $  жетти.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, сатыкка чыккан каражаттын ичинен 76,7 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен болсо, 93,5 млн $  бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен жүргүзүлгөн операцияларга туура келген.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы Улуттук банк валюта рыногунда жалпысынан сегиз интервенция жүргүзүп, 853 млн $ саткан. Өткөн жылдагы эң ири интервенция 22-декабрда болуп, анын көлөмү 179,5 млн $  түзгөн.

💡
Интервенция – бул Улуттук банктын валюта рыногундагы чет элдик валютанын жетишсиздигин жоюу жана улуттук валютанын курсун туруктуу кармоо максатында колдонулган негизги инструменттердин бири болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда