Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында берилген тапшырмалардын аткарылышынын жыйынтыгын чыгарышып, жетишилген натыйжаларды, көйгөйлүү маселелерди ортого салышты.

Ошондой эле тараптар ыкчам өз ара аракеттенүүнү жолго салууга өзгөчө көңүл бурушуп, алдамчылыкка каршы күрөшүүнүн мындан аркы пландарын талкуулашты.

Эске салсак, Кыргызстанда онлайн жана телефондук шылуундардын көбөйүшүнө каршы күрөшүү максатында Улуттук банк, ИИМ жана УКМК баштаган Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Алар мамлекеттик органдар, банктар, төлөм системалары жана байланыш операторлору менен биргеликте алдамчылыкты алдын алуу жана күрөшүү менен алектенишет.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулуп жаткан Миң-Жар каналы райондогу сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – буга чейин сугат суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо уланууда.  Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 23-26-июнда ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси оңдолгон.  Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин