Кыргызстанга 255 млн доллардан ашык акча которулган

Кыргызстанга 255 млн доллардан ашык акча которулган

2026-жылдын март айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү  255,2 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 235,5 млн доллар көлөмүндөкаражат келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 19,7 млн долларболгон.

2026-жылдын март айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 23,0 млн долларды түздү.

Анын 21,0 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 1,9 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эгемендүүлүк күнү 11-12-сентябрда белгиленет

Эгемендүүлүк күнү 11-12-сентябрда белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 11-12-сентябрда Талас шаарында өтөт.  Мындай чечим Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйындын жыйынтыгында кабыл алынды. Буга чейин Эгемендүүлүк күнү 31-августта белгиленип келген.  Быйыл бул күндөрү Бишкекте ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө тургандыктан, майрам сентябрга

Сейтек Жумкадыр уулу Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Сейтек Жумкадыр уулу Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Сейтек Жумакадыр уулу Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Сейтек Жумакадыр уулу 1988-жылы 21-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин чет тилдер факультетин аяктап, экономика жана бизнес институтунда магистратура программасын бүтүргөн. Ал

Жети-Өгүздө жайлоолорго баруучу жолдор оңдолду

Жети-Өгүздө жайлоолорго баруучу жолдор оңдолду

Жети-Өгүз айыл аймагынын аймагындагы жайлоолорго баруучу жолдорду оңдоо жана түздөө иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук админстрациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз жайыт кызматы тарабынан Ырдык, Көк-Жайык, Кайың-Булак, Талды-Булак жана Өмүр-Тоо жайлоолоруна алып баруучу жолдор атайын техникалардын жардамы менен сүрдүрүлүп, оңдолду.

Мамлекет тарабынан тигүү тармагына салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекет тарабынан тигүү тармагына салыктык жеңилдиктер киргизилди

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын, ата мекендик тигүү тармагынын ишканаларынын жана эл аралык маркетплейстер аркылуу продукциясын саткан селлерлердин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда