Коммерциялык банктарда депозиттердин көлөмү өсүшүн улантууда

Коммерциялык банктарда депозиттердин көлөмү өсүшүн улантууда

2026-жылдын март айынын аягына карата улуттук жана чет өлкө валютасындагы депозиттердин жалпы көлөмү 916,5 млрд сомго жеткен. Анын ичинен улуттук валютадагы депозиттер 629,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн.

Коммерциялык банктардын Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берүүчү отчётуна ылайык, 2025-жылдын март айында сом түрүндөгү депозиттердин көлөмү 418,3 млрд сом болсо, бир жыл ичинде бул көрсөткүч 211,3 млрд сомго же 50,5 % көбөйгөн.

Улуттук валютадагы депозиттердин өсүшү негизинен резиденттердин салымдарынын көбөйүшү менен байланыштуу. Ал эми жеке адамдардын сом түрүндөгү депозиттери да жогорулап, калктын улуттук валютага болгон ишениминин сакталып жатканын көрсөтүүдө.

 Коммерциялык банктардагы улуттук валютадагы депозиттердин көлөмү (млн.сом)

Улуттук валютадагы депозит

2025-жылдын марты

2026-жылдын марты

Жалпысынан  

418319,4

629626,7

Резиденттердин депозиттери

410023,5

 615976,4

Жеке адамдардын депозиттери

162201,00

216596,9

Резидент эместердин депозиттери

8296,0

13650,3

 Чет өлкө валютасындагы депозиттер дагы өсүштү көрсөткөн. 2025-жылдын мартында алардын көлөмү 250,3 млрд сом болсо, 2026-жылдын мартында 286,9 млрд сомго жетип, 36,6 млрд сомго же 14,6 % көбөйгөн.

 Коммерциялык банктардагы чет өлкө валютасындагы депозиттердин көлөмү (млн.сом)

Чет өлкө валютасындагы депозит

2025-жылдын марты

2026-жылдын марты

Жалпысынан

250297,5

286857,4

Резиденттердин  депозиттери

178597,4

198398,5

Жеке адамдардын депозиттери

56051,0

56289,8

Резидент эместердин депозиттери

71700,1

88458,9

Жыйынтыгында, банк тутумундагы депозиттердин структурасында улуттук валютадагы салымдардын үлүшү өсүп жаткандыгы байкалууда. Адистер муну банк секторуна болгон ишенимдин жогорулашы жана калктын акча каражаттарын улуттук валютада сактоого кызыгуусунун күчөшү менен байланыштырышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media