Микрокредиттердин негизги бөлүгү керектөө насыяларына туура келет

Микрокредиттердин негизги бөлүгү керектөө насыяларына туура келет

Кыргызстанда микрофинансы уюмдары тарабынан берилген насыялардын көлөмү өсүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында микрофинансы уюмдарынын кредиттик портфели 23 млрд 397,2 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги 18 млрд 923,9 млн сомго салыштырмалуу 4,47 млрд сомго же 23,6 % көп.

Насыялардын эң ири бөлүгү мурдагыдай эле керектөө кредиттерине туура келүүдө. 2026-жылдын биринчи кварталында бул багытта 14 млрд 654,1 млн сом насыя берилген. 205-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 11 млрд 555,1 млн сом болгон. Натыйжада керектөө насыялары бир жыл ичинде дээрлик 3,1 млрд сомго көбөйгөн.

Айыл чарба тармагы микрокаржылоонун негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Бул секторго берилген насыялардын көлөмү 3 млрд 159,2 млн сомдон 3 млрд 748,7 млн сомго чейин өскөн.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө бөлүнгөн каражат дагы көбөйүп, 1 млрд 814 млн сомдон 2 млрд 45,6 млн сомго жеткен. Ошол эле учурда транспорт тармагына берилген насыялар дээрлик эки эсеге көбөйүп, 204,3 млн сомдон 384,8 млн сомго чыккан.

Ал эми соода тармагындагы кредиттөөнүн көлөмү тескерисинче азайып, 1 млрд 211,8 млн сомдон 1 млрд 4,1 млн сомго чейин төмөндөгөн. Курулуш жана ипотекалык насыялар дагы кыскарып, 664 млн сомдон 593,3 млн сомду түзгөн.

Жалпысынан алганда, маалыматтар микрофинансы уюмдарынын кредиттик портфели өсүп жатканын жана калк тарабынан керектөө насыяларына болгон суроо-талап жогору бойдон калып жатканын көрсөтүүдө.

(млн.сом)

Банк эмес ФКУ насыясы

2025-жылы

2026-жылы

Микрофинансы уюмдар

18923,9

23397,2

Өнөр жайына

114,8

182,1

Айыл чарбасына

3159,2

3 748,7

Транспорт

204,3

384,8

Байланышка

0,0

1,8

Соодага

1211,8

1 004,1

кайра иштетүүчү ишкана

2,7

10,6

Курулушка/ипотекага

664,0

593,3

Керектөө кредиттери

11555,1

14 654,1

Кызмат көрсөтүүлөргө

1814,0

2 045,6

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media