Улуттук банк лицензиясы жок валюта алмаштырган жаранга айып пул салды

Улуттук банк лицензиясы жок валюта алмаштырган жаранга айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (К.А.Э.) 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, аталган жаранга айып пулду Баткен облусундагы Улуттук банктын өкүлчүлүгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн салган.

2026-жылдын 8-июнуна карата өлкөдө тийиштүү лицензияны алып, расмий негизинде иштеп жаткан 887 алмашуу бюросу бар. Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө ушул лицензияланган алмашуу бюролору гана укуктуу.


Улуттук банк жарандарды валюта алмаштыруу кызматтарын пайдаланууда лицензиясы бар расмий алмашуу бюролоруна гана кайрылууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу операциялары үчүн жоопкерчилик карала тургандыгын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен күйүүчү майдын  баасын турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду. Монополия кызматынын маалыматына ылайык, документтин негизги максаты  – өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Мамлекеттик лизинг компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Жашыл каржылоо фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, компаниянын маалыматына ылайык, документ жашыл лизинг инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес үчүн заманбап каржылык чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Меморандумга Мамлекеттик лизинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Амантур Өмүров жана

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын Кар көчкү бөлүмүнүн адистери Балыкчы – Казарман – Манас унаа жолунун 326–349-чакырымдарындагы кар көчкү коркунучу жогору болгон тилкелерде талаа изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка таянсак, изилдөөнүн негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана кар көчкүдөн коргоочу галереяларды куруу боюнча илимий негизделген

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна барып,