Акча которуу кызматтарына карата талаптар катаалдашат

Акча которуу кызматтарына карата талаптар катаалдашат

КРнын Улуттук банкы акча которуу системалары аркылуу которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, документ акча которуу системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө, алардын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана көзөмөл механизмдерин жакшыртууга багытталган.

Долбоордо операторлор үчүн бир катар жаңы талаптар каралган. Ага ылайык, акча которуу системасынын операторлору жаңы кызматтарды же өнүмдөрдү ишке киргизүүдөн кеминде 15 жумуш күн мурда Улуттук банкка алдын ала маалымат берүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле системанын иштөө эрежелерине өзгөртүү киргизүү пландалса, бул тууралуу дагы алдын ала кабарлоо талабы киргизилүүдө.

Мындан тышкары, акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруунун жаңы негиздери сунушталууда. Тактап айтканда, оператор катталгандан кийин 12 ай ичинде ишин баштабаса же бир жылдан ашык убакыт иш жүргүзбөсө, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын бир жыл ичинде эки же андан көп жолу бузса, ал реестрден чыгарылышы мүмкүн.

Ошондой эле жалган маалымат берген же катталгандан кийин оффшордук аймактарга байланышкан өзгөрүүлөр аныкталган операторлорго карата да тиешелүү чараларды көрүү сунушталууда.

Долбоорго ылайык, акча которуу системаларынын операторлору квартал сайын жүргүзүлгөн операциялар жана катышуучулар тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка электрондук форматта берип турууга милдеттендирилет.

Улуттук банк билдиргендей, сунушталган өзгөртүүлөр акча которуу системаларынын ачык-айкындуулугун камсыздоого, көзөмөлдү күчөтүүгө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Токтом долбоору боюнча сунуш-пикирлер 2026-жылдын 29-июнуна чейин кабыл алынат.

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media