DemirBank менен ЕРӨБ жашыл жана соода каржылоосу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

DemirBank менен ЕРӨБ жашыл жана соода каржылоосу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен 25 миллион АКШ долларына чейинки суммада жаңы финансылык макулдашууга кол койгонун кубануу менен кабарлайт.

Жаңы каржылоо пакети Кыргыз Республикасынын Жашыл экономиканы каржылоо программасынын (KyrSEFF III) алкагында 20 миллион АКШ долларын камтыйт. Бул программа жашыл насыя берүүнү колдоого, климаттык туруктуулукту, энергияны үнөмдөөчүлүктү жогорулатууга, булганууну азайтууга, суу ресурстарын туруктуу пайдаланууга, ошондой эле бизнестин жана үй чарбаларынын экологиялык жактан жоопкерчиликтүү инвестицияларына багытталган.

Мындан тышкары, ЕРӨБ Сооданы өнүктүрүү программасынын алкагында ДемирБанктын сооданы каржылоо лимитин 5 миллион АКШ долларга чейин көбөйтөт. Бул ата мекендик компанияларга керектүү товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жабдууларды импорттоого, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Бул Макулдашуу 1997-жылы башталган ЕРӨБ менен болгон узак мөөнөттүү өнөктөштүгүбүздүн дагы бир маанилүү этабы болуп саналат, ошол учурда ДемирБанк Кыргыз Республикасындагы биринчи эл аралык катышуусу жана чет элдик капиталы бар банк болгон.

Бул келишим ЕРӨбдүн Кыргыз Республикасынын экономикасынын келечегине, өлкөнүн саясий жана экономикалык туруктуулугуна, ошондой эле жергиликтүү бизнестин узак мөөнөттүү өсүү потенциалына болгон ишенимин дагы бир жолу тастыктайт.

"ДемирБанкта биз Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүн колдоого, ата мекендик бизнестин өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өлкөдө жашыл инновацияларды жайылтууга умтулабыз.
Ошондой эле, биз урматтуу кардарларыбыздын баарына чын дилден ыраазычылык билдиребиз. Биргеликте биз Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп, бизнестин жана инвестициялардын өсүшүн колдоп, ошондой эле өлкө боюнча жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам беребиз".

ДемирБанк ЕРӨБгө көрсөткөн туруктуу ишеними жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирет.

ДемирБанк – Сиздин жашооңуз үчүн Банк.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media