Насыялык бюролордо кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү сунушталууда

Насыялык бюролордо кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү сунушталууда

КРнын Улуттук банкы насыялык бюролордун ишин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ 2026-жылдын 29-апрелинде кабыл алынган «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, кредиттик бюролордо сакталган терс кредиттик маалыматтардын мөөнөтү кыскартылат. Тактап айтканда, учурда терс кредиттик маалыматтар 5 жыл сакталса, жаңы тартип боюнча алар 2 жыл гана сакталат. Ал эми суммасы 30 миң сомдон ашпаган насыялар боюнча терс маалыматтар 1 жылдан кийин кредиттик таржымалдан чыгарылып салынат.

Ошол эле учурда оң кредиттик маалыматтарды сактоо мөөнөтү өзгөрүүсүз калып, 5 жыл бойдон сакталат.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген учурларда жарандардын төлөмдөрдү өз убагында аткара албай калышына байланыштуу маалыматтарды терс кредиттик маалымат катары эсептебөө сунушталууда. Бул үчүн насыя алуучу тиешелүү арыз менен кайрылышы керек.

Адистердин баамында, сунушталган өзгөртүүлөр жарандардын кредиттик таржымалын тезирээк калыбына келтирүүгө шарт түзүп, финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жардам берет.

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган. 

Кызыкдар тараптар өз сунуштарын 2026-жылдын 29-июнуна чейин Улуттук банкка жөнөтө алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media