Улуттук банк дагы үч өлкөнүн валютасынын расмий курсун жарыялай баштайт

Улуттук банк дагы үч өлкөнүн валютасынын расмий курсун жарыялай баштайт

КРнын Улуттук банкы бахрейн динары, вьетнам донгу жана тай батын кыргыз сомуна карата расмий курсу аныкталуучу чет өлкө валюталарынын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, тиешелүү чечим Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 10-июнунда кабыл алынган токтому менен бекитилди. Ага ылайык, аталган үч валютанын расмий курсу мындан ары жума сайын аныкталып турат.

Учурда Улуттук банктын расмий сайтында дүйнөнүн 40 өлкөсүнүн валюталары боюнча маалымат жарыяланып келет. Алардын ичинен АКШ долларынын расмий курсу 2010-жылдын 1-январынан тартып күн сайын аныкталса, евро, орус рубли жана казак теңгесинин курсу 2012-жылдын 1-январынан баштап күн сайын эсептелүүдө. Ал эми кытай жэньминьби юанынын расмий курсу 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күн сайын жарыялана баштаган.

Калган чет өлкө валюталарынын расмий курстары жума сайын аныкталып турат. 

Улуттук банк расмий курстар маалыматтык мүнөздө экенин белгилейт. Алар Улуттук банктын белгилүү бир курс боюнча чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу милдеттенмесин билдирбейт жана атайын эрежелерге ылайык эсептелет.

Жаңы өзгөртүү Кыргызстан менен Бахрейн, Вьетнам жана Таиланддын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине байланыштуу валюта рыногундагы маалыматтын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталганы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media