Улуттук банк тигүү тармагындагы ишкерлерге кредиттик жеңилдик берди

Улуттук банк тигүү тармагындагы ишкерлерге кредиттик жеңилдик берди

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 10-июнунда “Тигүү тармагынын ишкердик субъекттерине берилген кредиттерди кайра каржылоо маселелери жөнүндө” токтом кабыл алды.

Улуттук банктын маалыматына таянсак, документ тигүү тармагындагы ишкерлерди колдоо максатында иштелип чыккан.

Токтомго ылайык, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоордун алкагында банктар жана башка финансы-кредит уюмдары тигүү тармагында иштеген ишкерлерге берилген айрым кредиттерди кайра каржылоодо жеңилдетилген шарттарды колдоно алышат.

Мындай мүмкүнчүлүк ишкер кеминде бир жылдан бери иштеп жаткан, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок болсо, ошондой эле анын финансылык абалы кылдат талданган учурда берилет.

Мындан сырткары, кредит боюнча негизги карызды төлөө мөөнөтүн алты айга чейин жылдырууга жол берилет. Ал эми акыркы реструктуризация болгонуна кеминде бир жыл убакыт өткөн болушу керек.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, кайра каржыланган мындай кредиттер “байкоого алынган актив” категориясына киргизилип, алар боюнча мүмкүн болгон тобокелдиктерди жабуу үчүн 5% өлчөмүндө резерв түзүлөт.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2027-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат.


Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк жөнүндө/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media