Улуттук банктын лицензиясы үчүн мамлекеттик алымдардын жаңы өлчөмү сунушталууда

Улуттук банктын лицензиясы үчүн мамлекеттик алымдардын жаңы өлчөмү сунушталууда

КРнын Министрлер Кабинети мамлекеттик алымдардын ставкаларына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензиялар үчүн мамлекеттик алымдардын өлчөмүн тактоону карап жатат. Аталган токтомдун долбоору коомдук талкууга сунушталууда.

Билдирүүгө караганда, долбоор Президенттин уруксат берүүчү документтер тармагындагы жөнгө салуучу гильотина тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында даярдалган.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Улуттук банк тарабынан лицензия берүү, кайра тариздөө жана лицензиянын дубликатын берүү үчүн мамлекеттик алымдардын жаңы өлчөмдөрү белгиленет. Ага ылайык:

-        банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн мамлекеттик алым 1000 эсептик көрсөткүчтү түзөт;

-        төлөм системаларынын/операторлоруна лицензия берүү, электрондук акча чыгаруу укугу үчүн 700 эсептик көрсөткүч;

-        банк эмес ФКУ жана Улуттук банк лицензиялаган башка юридикалык жактар үчүн лицензия берүүдө дагы 700 эсептик көрсөткүч;

-        нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн мамлекеттик алым 300 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

Мындан тышкары лицензияларды кайра тариздөө жана алардын дубликаттарын берүү үчүн өзүнчө мамлекеттик алымдардын өлчөмү белгиленген.

Бул долбоорду коомдук талкуулоо 2026-жылдын 2-июлунда аяктайт. Ал эми токтом кабыл алынып, расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media