Бишкекте чакан кредиттик компаниянын иши токтотулду

Бишкекте чакан кредиттик компаниянын иши токтотулду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы микрокредиттик компаниялардын биринин иши токтотулду.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-июнунан тартып Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Бай-Эл Кредит” МКК” ЖЧКнын 2009-жылдын 25-майында алган №212 эсептик каттоо тууралуу күбөлүгү кайтарылып алынды.

19-июнга карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 57 микрокредиттик компаниялар бар жана алардын басымдуу бөлүгү ордо калаабызда жайгашкан.

Микрокредиттик компания (МКК) – бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күбөлүгү болгон шартта өз каражаттарынын же донор уюмдардын жергиликтүү жана эл аралык финансы уюмдардын каражаттарынын эсебинен гана "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзам талабына ылайык жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган коммерциялык адистештирилген кредиттик мекеме микрофинансылык уюм болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Ташта селден жабыркаган үй-бүлөгө 20 миң даана кыш берилди

Көк-Таш айылында селден жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, турак жайын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик админстрациясынан билидиришти. Маалыматка ылайык, 20-июнда болгон селден улам Айдана Тагаймуратованын үйү жараксыз абалга келген. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде демөөрчүлөр турак жай ээсине 20 миң

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехника эми атайын дүкөндөрдө гана сатылат

Кыргызстанда пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга жаңы чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №534 токтому менен өлкө аймагында жарандык пиротехникалык каражаттардын жүгүртүү эрежелери бекитилди. Документке ылайык, пиротехникалык каражаттардын бардык түрүн сатууга атайын адистештирилген дүкөндөрдө гана уруксат берилет. Мындан тышкары,