Кыргыз - казак улуттук төлөм системаларын интеграциялоо талкууланды

Кыргыз - казак улуттук төлөм системаларын интеграциялоо талкууланды

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын (Элкарт) Башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков Казакстанда “Улуттук төлөм корпорациясы” акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушуп келди. Анда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын улуттук төлөм системаларын интеграциялоо темасын талкуулашты.

Процессинг борборунун маалыматына ылайык, долбоор ишке ашырылгандан кийин “Элкарт” карталарынын ээлери Казакстандын соода жана тейлөө түйүндөрүндө банк картасы жана QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алышат. Ошол эле учурда Казакстандын банктык тиркемелерин колдонгон жарандар да Кыргызстанда кадимки төлөм сервистери аркылуу ыңгайлуу эсептеше алышат.

Мындан сырткары тараптар заманбап төлөм технологияларын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, ISO 20022 эл аралык стандартын киргизүү, банктар аралык мобилдик төлөмдөр системасын өнүктүрүү жана борбордук банктардын санариптик валюталарына байланышкан долбоорлор боюнча пикир алмашышты.

Учурда "Элкарт Мобайл" тиркемесинин колдонуучулары Казакстандагы сатып алуулар үчүн Kaspi QR төлөм тармагы аркылуу комиссиясыз төлөй алышат. Бул мүмкүнчүлүк “Элкарттын” эл аралык Alipay+ төлөм системасы менен интеграцияланышынын натыйжасында ишке ашууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media