Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Улуттук банктын атын жамынган кезектеги алдамчылык аракеттер уланууда

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү ишенимин арттырган адаттагы алдамчылык билдирүүлөр дагы деле байма-бай тарап жатат.

Бул ирет ишендириш үчүн алдамчылар Улуттук банктын логотиби бар жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү далил катары келтиришүүдө.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырып, мындай билдирүүлөргө эч качан ишенбей, эч кандай шартта бейтааныш адамдарга акча которбой, сак болуу керектигин эске салды.

Адистер маалыматты расмий булактардан гана текшерип, Улуттук банк калкка эч качан насыя бербестигин, акча которууну талап кылбастыгын жана өзүнүн кызматкерлеринин күбөлүгүн көргөзүп, жеке адамдарга кызмат көрсөтпөстүгүн билдирүүдө.

Ошондой эле, кимде ким алдамчылардын курмандыгы болуп калса, дароо банк картасын бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин сунушталууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты