Улуттук банктын өкүлү Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын жыйынына катышты

Улуттук банктын өкүлү Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын жыйынына катышты

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын 8-жыйынына катышты.

 Жыйын 13–14-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин “OIC-COMCEC Central Banks Forum” алкагында өткөн борбордук банктардын 8-жыйынына катышты.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, иш-чарада азыркы экономикалык шарттардагы акча-кредит саясаты жана эл аралык резервдерди башкаруу стратегиясы талкууланды.

 Козубеков «Геосаясий таасирлер жана макроэкономикалык туруктуулук: дүйнөлүк экономиканын фрагментациялануу шарттарында ИКУга мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын акча-кредит саясаты боюнча чаралары» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Анын жүрүшүндө ал Кыргызстандын Улуттук банкынын инфляцияга түрткү берүүчү тышкы тобокелдиктердин таасирин азайтууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталган акча-кредит саясаты боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте коомдук транспортто эми рейддер күчөтүлгөн тартипте өткөрүлүп

Бишкекте коомдук транспортто эми рейддер күчөтүлгөн тартипте өткөрүлүп

Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу 15-сентябрдан баштап, рейддер күчөтүлгөн тартипте өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн тартиби түшүндүрүлүп, жол киренин төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Транспорт департаментинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаменти атайын контролёрлор жана “Тулпар” компаниясы менен биргеликте

Жогорку Кеңештин комитети БШКнын ар жылдык баяндамасын укту

Жогорку Кеңештин комитети БШКнын ар жылдык баяндамасын укту

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 2025-жылга карата КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ар жылдык баяндамасын укту. Маалымат менен КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырды. Талкуу маалында депутат Дастан

Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды

Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды

Акыркы беш жылда мектептердеги окуучулардын саны 13%га көбөйүп, 1,6 млн адамга жеткен. Алардын 49%ын кыздар, 51%ын балдар түзөт. Ошол эле учурда биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны азайууда. 2025/2026-окуу жылында 1-класска 116 миңге жакын бала кабыл алынган. Бул 2021/2022-окуу жылына салыштырмалуу

Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүү маселеси талкууланды

Бүгүн Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дуйшеевдин жетекчилиги алдында "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Ага министрликтин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана "Элдик Банк", "АБанк" өкүлдөрү катышты. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык,