Ак-Сууда мамлекеттик кызматкерлерге финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ак-Сууда мамлекеттик кызматкерлерге финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы Ак-Суу районунда мамлекеттик мекемелердин жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Иш-чара 15-сентябрда Улуттук банктын региондордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча 2026-жылга бекитилген планынын алкагында уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга акча каражаттарын туура башкаруу, үнөмдөөнүн маанилүүлүгү жана топтолгон каражаттарды сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жеке финансыларды пландаштыруу боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.

Мындан тышкары, жарандардын кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгү, дропперлик жана финансылык алдамчылыктын түрлөрү тууралуу маалыматтар берилди. Адистер мындай коркунучтардан сактануу үчүн финансылык операцияларда этият болуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media