Улуттук банк Ошто финансылык сабаттуулук боюнча лекция өттү
Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы 16-сентябрда Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү. Ага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, акча топтоо жолдору түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, жаштарды финансылык алдамчылыкка жана дропперликке тартуунун алдын алуу боюнча практикалык кеңештер айтылды.
Катышуучуларга "Түндүк" тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана аны кайра алып салуу тартиби да көрсөтүлдү.