9 айдын ичинде 8 эл аралык электрондук акча системасы каттоосунан ажырады

9 айдын ичинде 8 эл аралык электрондук акча системасы каттоосунан ажырады

Улуттук банктын расмий маалыматтарына ылайык, 2023-жылы эл аралык электрондук акча системаларынын бир дагы операторунун каттоосу жокко чыгарылган эмес. Ал эми 2024-жылы жана 2025-жылы бирден оператор каттоодон ажыратылган болсо, 2026-жылдын 9 айында мындай учурлардын саны сегизге жетти.

Буга чейин Ишкер медиа Улуттук банкка кайрылып, каттоонун жокко чыгарылыш себептерин сураганда, негизги себептеринин бири — оператордун Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзбөй калышында - деп билдиришкен.

Мындан тышкары, каттоо өз өлкөсүндө берилген лицензия же уруксаттын жокко чыгарылышына, оператордун каттоону токтотуу тууралуу өзүнүн өтүнүчүнө, КРнын мыйзамдарын, анын ичинде акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы талаптарды бузууга байланыштуу да жокко чыгарылышы мүмкүндүгү белгиленген.

Улуттук банктын расмий билдирүүсүнө караганда, 2026-жылы каттоосу жокко чыгарылган операторлордун арасында WebMoney Kazakhstan, Innopay, Cabbagino Payments, One Click, MaxPay, Yurta, Interpay жана Золотая Корона бар.

Аты аталган каттоосу жокко чыгарылган эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/ эл аралык электрондук акча эмитенттери тууралуу толук маалымат:

Аталышы

КРУБ каттоосун жокко чыгарган күн

Каттону жокко чыгаруу себептери

Innopay

15.04.2026

Жайгашкан өлкөсүндө каттоосун жокко чыгаруу 

WebMoney Kazakhstan

15.04.2026

Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы

One Click

11.08.2026

Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн 

Yurta

20.08.2026

Оператор катары КРын аймагында ишти жүргүзбөгөн 

MaxPay

11.08.2026

Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн

Cabbagino Payments

01.06.2026

Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы 

Interpay

16.09.2026

Оператор катары КРнын аймагында ишти жүргүзбөгөн

Золотая Корона

17.09.2026

Оператордун реестрден чыгаруу тууралуу арызы

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media