Садыр Жапаров “Ситибанктын” башкаруучу директору менен жолугушту

Садыр Жапаров “Ситибанктын” башкаруучу директору менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту. Анын алкагында финансылык жана банктык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын банк секторунун эл аралык капитал рынокторуна чыгышында кыргыз банктарынын “Ситибанк” менен кызматташуу тажрыйбасы белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик “Элдик Банк” Citigroup компаниясынын келишимдин негизги уюштуруучуларынын жана букраннерлеринин бири катары катышуусунда 500 млн АКШ доллары өлчөмүндө алгачкы еврооблигацияларын жайгаштырган.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен “Ситибанк” ортосунда жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле республикада америкалык банктын филиалын ачуу келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров маектештерине Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун, “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Асман” экошаарын жана “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин куруу сыяктуу масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берип, азыркы учурда “Ситибанк”менен практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү абдан пайдалуу болорун айтты.

 “Ситибанк” өкүлдөрү буга чейин Кыргызстан менен ийгиликтүү кызматташып келгенин ырастап, жакынкы келечекте Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө кызыкдарлыгын жана банктын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниеттенерин билдиришти.

“Ситибанк” - корпоративдик кардарларга, финансылык уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган алдыңкы эл аралык финансылык институттардын бири. Банк 180ден ашуун өлкөдө жана юрисдикцияда өкүлчүлүгү бар Citigroup финансылык тобунун курамына кирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

 -        КРнын Финансы министрлиги менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
-        “Элдик Банк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
-        “АБанк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media