Кара-Кече ЖЭБин өлкө өз күчү менен курмакчы
Кара-Кече жылуулук электр борборун мамлекет өз эсебинен курат. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсант Өмүрбеков "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, долбоорго миллиарддаган каражат жумшалмакчы. Өмүрканов учурда электр энергиясы өз наркынан төмөн сатылып жатканын, ортодогу айырмачылыкты өкмөт жаап жатканын кошумчалады.
"Эгер биз өздүк наркы менен сатсак, анда электр тармагы өзүн-өзү жаап турмак. Башкача айтанка, сатып жаткан товарыбыздын үстүнө акча кошпой эле сатып жатабыз. Анан эл айткандай бекер кылып коюуда мүмкүн эмес да. Анткени, кызматкерлердин маянасы, эскилиги жеткен жабдыктарды жаңылоо керек", - деди министрдин орун басары.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу