Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Депутаттар бир катар мыйзамдарды колдошту – тизме

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай,  «2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу эл

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Депутаттар бир катар мыйзамдарды колдошту – тизме

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай,  «2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов маалымат берди.

Макулдашуунун негизги максаты бир мучө мамлекеттин аймагында катталган потенциалдуу берүүчүлөрдүн мучө мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын принциптерине таянуу менен башка мучө мамлекетте өткөрүлүүчү мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга катышууга тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга умтулуу, ошондой эле мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жузөгө ашырууда заказчылардын укуктарын талаптагыдай коргоо зарылдыгы болуп саналат.

Мындан тышкары, жыйында  «2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору каралды.

Макулдашуу менен кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана сатып алууга бирдиктүү мамилелер, мамлекеттик сактоонун типтүү келишимине талаптар, кампага кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) укугу белгиленет.

Тагыраагы, документ Евразия экономикалык биримдигинде кампа күбөлүктөрү менен иштөө практикасын түзүүгө багытталган жана алар ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан бул чөйрөдөгү бирдиктүү талаптардын негизинде өз ара таанууну карайт. Документте ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик контролду камсыз кылуунун багыттарын жана кампа күбөлүгүндө камтылууга тийиш болгон милдеттүү маалыматтар катталат.

Депутаттар ошондой эле, «2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КРнын мыйзамынын долбоорун карап, кабыл алды.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More