Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен жолукту

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту. Жолугушуу ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Касымалиев акыркы төрт жылда ИДПнын орточо өсүшү 10,2% түзгөнүн, 2025-жылы 11,1%га жетиши күтүлүп жатканын билдирди. ЭВФтин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы өсүш темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген.

Өсүш өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактары, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор менен шартталууда.

Социалдык реформаларга да көңүл бурулуп, 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодекси аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

2025-жылы өндүрүш көлөмү 30,1%га өсүп, айрыкча тамак-аш кайра иштетүү тармагында жакшы көрсөткүчтөргө жетишилди. Кыргызстан Дүйнөлүк банктын “AgriConnect” демилгесине кошулууга кызыкдар экенин билдирди.

Антонелла Бассани жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Жыйынтыгында “REMIT” долбоору боюнча макулдашууга жана 2026-2028-жылдарга каржылоо алкагына кол коюлду.


Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу