Садыр Жапаров Кара-Кулжадагы ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Кара-Кулжадагы ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы борбордук стадиондун жана “Тынчтык”, “Буранов” парктарынын реконструкциялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иштер республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, аянты 25 гектар болгон “Тынчтык” паркында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында аймакты көрктөндүрүү, жарыктандыруу, сугат системасын орнотуу, веложолдорду жана балдар аянтчаларын куруу иштери каралган.

Ошондой эле район тургундары үчүн негизги эс алуу жайы болгон “Буранов” паркы да жаңыланууда. Бул жерде инженердик системалар жаңыртылып, сахналык аянтча, активдүү эс алуу зоналары жана балдар аянтчалары түзүлөт.

Белгиленгендей, эки парктагы иштерди 2026-жылы аяктоо пландалууда.

Мындан тышкары, Президентке борбордук стадионду реконструкциялоо долбоору сунушталды. Объекттин жалпы аянты 21 миң чарчы метрден ашык болуп, долбоордун наркы 168 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин 2027-жылы бүтүрүү мерчемделүүдө.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров долбоорлорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү органдарга иштерди туруктуу көзөмөлдөөнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу