Кыргызстан EXIM банкы менен каржылык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карады

Кыргызстан EXIM банкы менен каржылык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын Экспорт-Импорт банкынын (EXIM Bank) президенти жана төрагасы Жон Йованович менен жолукту. Жолугушуу Вашингтондо Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу каржылык кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Адылбек Касымалиев EXIM банктын жетекчилигине Кыргызстандын учурдагы экономикалык өнүгүүсү, акыркы беш жылдагы жетишкендиктери жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Жон Йованович EXIM банкынын негизги ишмердүүлүгү, анын АКШнын финансылык-кредиттик саясатындагы ролу жана эл аралык долбоорлорду каржылоодогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири айтып берди. Ал Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан тармактарда өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана конструктивдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.
Маалымат үчүн: АКШнын Экспорт-Импорт банкы (EXIM) — америкалык экспортту колдоого багытталган расмий федералдык экспорттук-кредиттик агенттик болуп саналат. 2025-финансы жылына карата банктын портфелинин жалпы көлөмү 34,8 млрд АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу